САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Cамаркандек айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2024-жылы 8-апрели №66
Макулдук берүү жөнүндө
Самаркандек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексизХI сессиясыСамаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдун берген билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып,
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Самаркандек айыл өкмөтүнүн Жайылма участогунда жайгашкан 3,5 км суу каналын оңдотуп тузөтүү иштерин аткаруу максатында Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинен баланстан чыгаруу менен мамлекеттин менчигине кайтарымсыз өткөрүлүп берилүүсүнө макулдук берилсин.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
У.Гайыпов |