САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Cамаркандек айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2024-жылы 8-апрели №67
Макулдук берүү жөнүндө
Самаркандек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексизХI сессиясыСамаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдун берген билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып,
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган эки кабаттуу турак үйдү капиталдык оңдоп-түзөтүү курулуш иштерин каржылооБаткен облустук өнүктүрүү фондуна долбоор жазуу аркылуу аткарылуусуна макулдук берилсин.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик ишжана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин..
Төрага: |
У.Гайыпов |