САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Cамаркандек айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2024-жылы 8-апрели №70
Самаркандек айыл өкмөтүнүн айылдарында орнотулуучу 10(он) даана трансформатордун жана 1(бир) даана тик кудуктун жайгашуучу жерлеринин категорияларын которууга макулдук берүү жөнүндө
Самаркандек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексизХI сессиясы Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдун берген билдирүүсун угуп талкуулап чыгып,
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Самаркандек айыл өкмөтүнүн айылдарында орнотулуучу 10 (он) даана трансформатордун жана 1(бир) даана тик кудуктун жайгашуучу жерлеринин категорияларын которууга№1 тиркеменин негизинде макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
- Самаркандек айыл өкмөтүнүн айылдарында орнотулуучу 10(он) даана трансформаторлордун жана 1 (бир) даана тик кудуктун жайгашуучу жерлеринин категорияларын (жалпы аянты 224ч.м.) ушул токтомдун №1 тиркемесине ылайык “өнөр жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
У.Гайыпов |
Самаркандек айылдык кеңешинин
VI чакырылышынын 2024-жылдын
8-апрелиндегикезексизХIсессиясынын
№ 70 токтомуна тиркеме №1
Калкты электр энергиясы жана сугат суу менен камсыздоо максатында трансформатор орнотуу үчүн “өнөр жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилип жаткан жер тилкелери :
КР министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кыргызмамжердолбоорлоо жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалы тарабынан 2024-жылдын 15-мартында чыг. № 01-13/1246,1247,1248,1249,1250,1251,1252,1253 жана №01-13/1269 чыгышталган каттарынын негизинде :
- Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Жайылма участогунда №508 контурундагы 16,0 ч.м. аянты айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы жайыт жер;
- Топ-Терек участогундагы №34 контурда жайгашкан 16,0 ч.м. таштуу жайыт жер, Жайылма участогундагы №512 контурда жайгашкан 16,0 ч.м. калктуу конуштар астындагы жер;
- Орто-Сай участогундагы №132 контурда жайгашкан 16,0 ч.м. аянты айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагысугат айдоо жер;
- Орто-Сай участогундагы №145 контурда жайгашкан 16,0 ч.м. суулар астындагы жер (кургак сай);
- Орто-Сай участогундагы №222 контурда жайгашкан 16,0 ч.м. курулуштар астындагы жер(көчөнүн бою);
- Базар-Башы участогундагы №170 контурда жайгашкан 16,0 ч.м. суулар астындагы жер (кургак сай);
- Базар-Башы участогундагы №170 контурда жайгашкан 16,0 ч.м. суулар астындагы жер (кургак сай);
- Жаңы-Бак участогундагы №700 контурда жайгашкан 16,0 ч.м. айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы жайыт жерлер;
- Паскы-Арык айылында №313 контурда жайгашкан 64,0 ч.м. айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлери;
- Паскы-Арык айылында №315 контурда жайгашкан 16,0 ч.м. (тик кудук) айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлери.