А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясынын
2024-жылдын 7 марты № 30/3
Абсамат Масалиев атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесине Уч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинен Какыр, Калачы, Разъезд айылдарын бириктирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө ПЖ” №370 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимди административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюуштуруу жөнүндө” №52 токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып А.Масалиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- «Абсамат Масалиев атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесине «Уч-Коргон» айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинен Какыр, Калачы, Разъезд айылдары кошулгандыгына байланыштуу «Абсамат Масалиев атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтү » болуп кайрадан каттоодон өткөрүлсүн.
- «Абсамат Масалиев атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтү » мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин (тиркеме тиркелет)
- «Абсамат Масалиев атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн» жаңы редакциясындагы Жобосу бекитилсин
- «Абсамат Масалиев атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтү» юридикалык дареги болуп Кыргыз Республикасы Баткен обулусу Кадамжай району А.Масалиев аймагынын айыл өкмөтүКара-Дөбө айылы А.Ишматов көчөсү №12болуп аныкталсын.
- Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсотүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик катто үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгын ырастайт.
Төрага |
Т.Галботоев |