ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын
2023-жылдын 04-апрелиндеги № 45
Кальта айылындагы Абдылаев Советбек Аскаровичке менчикке бөлүнүп берилген жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Кальта айылындагы Абдылаев Советбек Аскаровичке менчикке бөлүнүп берилген 3100 кв.м. айыл чарба багытында турган бузулган эски сарайдын ордуна берилген жер тилкесинин багытын турак жай куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кальта айылындагы Абдылаев Советбек Аскаровичке менчикке бөлүнүп берилген 3100 кв.м. айыл чарба багытында турган бузулган эски сарайдын ордуна берилген жер тилкесинин багытын турак жай куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
| М.Акназаров |