ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын
2023-жылдын 04-апрелиндеги № 45
Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык жана инфраструктуралык долбоорлору үчүн жергиликтүү бюджеттен салымына 200000 (эки жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык жана инфраструктуралык долбоорлору үчүн жергиликтүү бюджеттен салымына 200000 (эки жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык жана инфраструктуралык долбоорлору үчүн жергиликтүү бюджеттен салымына 200000 (эки жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
| М.Акназаров |