КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVII-сессиясы
2024-жылдын 12-апрели № 59
Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу абалы жөнүндө
Кара-Булак айыл аймагындагы коомдук пайдалануудагы жерлерди жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында, жазгы талаа жумуштарын уюштуруу боюнча айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Мансуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
- 2024-жылга карата Кара-Булак айыл аймагындагы коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана жазгы талаа иштери боюнча аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |