ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын
2023-жылдын 04-апрелиндеги № 41
Прогресс айылынын башкы планына ылайык №11 контурда жайгашкан спорттук комплекс жана балдар бакчасын куруу үчүн калтырылган жалпы аянты 3,0 га жер тилкесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Прогресс айылынын башкы планына ылайык №11 контурда жайгашкан спорттук комплекс жана балдар бакчасын куруу үчүн калтырылган жалпы аянты 3,0 га жер тилкесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Прогресс айылынын башкы планына ылайык №11 контурда жайгашкан спорттук комплекс жана балдар бакчасын куруу үчүн калтырылган жалпы аянты 3,0 га жер тилкесинин ордуна, Россия Федерациясына караштуу Башкыр Республикасына караштуу “Ак-Молдо” атындагы педагогикалык институту тарабынан 1200 орундуу мектеп-гимназия жана бала бакчасынын курулушу пландалганына байланыштуу, муниципалдык каттоого алынган №11 контурдагы жерге 1200 орундуу мектеп-гимназия жана бала бакчасынын курулушун отургузуп, башкы планга өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
| М.Акназаров |