Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVII-сессиясы

 

2024-жылдын 12-апрели № 57

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин абалы жөнүндө

 

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Осмоновдун 2023-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңеш токтом кылат:

 

  1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2023-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
  1. Кара-Булак айыл аймагындагы таштандыларды өз убагында алып чыгуу жана тазалыкты сактоо, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Осмоновго тапшырылсын.
  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

К.Шакиров