Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVII-сессиясы

 

2024-жылдын 12-апрели № 63

Кара-Булак айылдык кеңешинин “Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү” жөнүндөгү 26.05.2023-жылдагы № 29 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” № 145-Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 319 сандуу чыгыш катынын негизинде, Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылындагы таштанды таштоочу жайды уюштурууда мурда даярдалган иш кагаздарында жер аянтынын контурлары жана координаттары туура эмес көрсөтүлүп калгандыктан өзгөртүү жана толуктоо киргизүү максатында, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылынын түштүк тарабында жайгашкан № 3052- контурундагы 0,12 га, № 3071 контурундагы 0,10 га, № 3081 контурундагы 0,81 га, № 3149 контурундагы 0,16 га, № 3168 контурундагы 0,92 га  таштуу жайыт жер аянттарын, № 2923ч- контурундагы 0,06 га, № 3169 контурундагы 0,23 га жер аянттары суулар астындагы жерлер (курга сай), № 3148-контурунда жайгашкан 0,60 га жер аянты курулуштар астындагы жер (зимовка). Жалпы 3,0 га жер аянттарын   “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
  1. Ушул токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  1. Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

К.Шакиров