Редакцияот 04.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын

 

2023-жылдын 04-апрелиндеги № 39

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясында кабыл алынган №24 02.03.2023-жылдагы токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясында кабыл алынган №24 02.03.2023-жылдагы токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясында кабыл алынган №24 02.03.2023-жылдагы токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1.1. Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Жылалды айылдык аймагынын Жылалды биргелешкен “Замзам-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө уюштуруучулардын №1 протоколу, №2 протоколу, №3 чечими менен түзүлгөн «Суу» муниципалдык ишканасын түзүүгө жана Уставын бекитүүгө макулдук берилсин.

 

1.2. Жылалды айылдык аймагынын Жылалды биргелешкен “Замзам-Суу Тазалык” муниципалдык ишкананын жетекчисин дайындоо жагы айыл өкмөт башчысы У.Джеенбаевге сунушталсын.

 

1.3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:

 

М.Акназаров