СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) XXXIV сессиясы
2024-жылдын 11-апрели №161
Шаардын аймагында шаар куруу жана архитектуранын ченемдеринин жана эрежелеринин сакталуусу боюнча маалыматы жөнүндө
Шаардын аймагында шаар куруу жана архитектуранын ченемдеринин жана эрежелеринин сакталуусу боюнча маалыматы жөнүндө
Шаардын аймагында шаар куруу жана архитектуранын ченемдеринин жана эрежелеринин сакталуусу боюнча маалыматы жөнүндө шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын аймагында шаар куруу жана архитектуранын ченемдеринин жана эрежелеринин сакталуусу боюнчашаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын маалыматы кабыл алынсын.
2. Шаардык мэрияга жана шаар куруу жана архитектура башкармалыгына:
- шаардын аймагында шаар куруу жана курулуш иштеринин жүрүшүндө архитектура жана шаар куруу эрежелерине жана нормаларына ылайык иш жүргүзүү;
- шаардын аймагындагы курулуштардын сырткы көрүнүшүн заманбап пландаштыруу, социалдык муниципалдык объекттерди курууда инженердик технкалык, архитектуралык, курулуш, экологиялык жана санитардык талаптарга ылайык келтирүүнү камсыз кылуу;
- өз компетенцияларынын чегинде шаардын аймагындагы мыйзамсыз, архитектура жана курулуш нормаларын бузуу менен курулган объекттер боюнча тиешелүү чараларды көрүү жагы милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
М.А.Кутбидинов |