ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын
2023-жылдын 04-апрелиндеги № 37
АРИС коомдук уюмунун CASA-1000 долбоорунун алкагында күрүчтү импорттоо үчүн чакан завод курууга Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун жеринен 0,20 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги АРИС коомдук уюмунун CASA-1000 долбоорунун алкагында күрүчтү импорттоо үчүн чакан завод курууга Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун жеринен 0,20 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС коомдук уюмунун CASA-1000 долбоорунун алкагында күрүчтү импорттоо үчүн чакан завод курууга Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун жеринен 0,20 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
| М.Акназаров |