СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) XXXIV сессиясы
2024-жылдын 11-апрели №163
Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинен Сүлүктү шаарынын мэриясына бийик тоолуу жана алыс зоналарында жашаган абоненттерге керектелген электр энергиясы үчүн компенсация катары берилген акча каражаты жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 21.02. 2024ж. №01-12/380 сандуу Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинен Сүлүктү шаарынын мэриясына бийик тоолуу жана алыс зоналарында жашаган абоненттерге керектелген электр энергиясы үчүн компенсация катары берилген акча каражаты жөнүндөгү каты боюнча “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин 78 беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 02.04.2010ж. №206 “Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө Мыйзамына ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинен Сүлүктү шаарынын мэриясына бийик тоолуу жана алыс зоналарында жашаган абоненттерге керектелген электр энергиясы үчүн компенсация катары берилген акча каражаты мыйзам чегинде колдонулсун
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
М.А.Кутбидинов |