Редакцияот 11.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) XXXIV сессиясы

 

2024-жылдын 11-апрели №165

 Сүлүктү шаардык кеӊешин кайра каттоодон өткөрүү жана  Жобосун бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу  иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-мартындагы №01-25/77 буйругу менени бекитилген “Шаардык                           кеӊештин убактылуу типтүү Жобосунун” негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Сүлүктү шаардык кешинин Жобосу бекитилсин (Жобо тиркелет).

2.     Сүлүктү шаардык кеӊешинин бешинчи чакырылышынын VI сессиясынын                     2013-жылдын 8-июлундагы “Сүлүктү шаардык кеӊешинин Жобосун бекитүү жөнүндө”  №31 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3.     Сүлүктү шаардык кеӊешин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жагы Сүлүктү шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы М. Джураевага жүктөлсүн.

4.     Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык кеӊештин жооптуу катчысына  көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук  депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

5.     Мамлкеттик кайра каттоо жөнүндө токтомунда анда көрсөтүлгөн маалыматтардын  ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын анык экендиги тастыкталат.

Төрага:

 

М.А.Кутбидинов

Сүлүктү шаардык кеӊешинин  XXXIV сессиясынын 11.04. 2024ж. №165 токтому менен бекитилген  

Сүлүктү шаардык кеӊешинин  жобосу

 

  1. Жалпы Жоболор
  2. Шаардык кеӊештин ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери
  3. Шаардык кеӊештин чечимдери
  4. Жергиликтүү кеңештин төрагасы
  5. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары
  6. Шаардык  кеңештин жооптуу катчысы:
  7. Шаардык кенештин аппаратынын типтүү түзүмү жана  штаттык саны
  8. Корутунду жоболор

1. Жалпы жоболор

 

1. Сүлүктү шаардык кеӊештин (мындан ары шаардык кеӊеш) ушул жобосу юридикалык жакты мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда шаардык кеӊешти юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана шаардык кеӊештин ишин жөнгө салат

2. Шаардык кеӊеш  - өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, 31 жергиликтүү кеӊештин депутаттарынан турган, Сүлүктү шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы.

3. Шаардык кеӊеш юридикалык жак болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, өзүнүн фирмалык аталышы жазылган штамптары жана бланктары жана башка тиешелүү атрибуттары болот.

Шаардык кеӊештин расмий аталышы:

- мамлекеттик тилде – “Сүлүктү шаардык кеӊеши»;

- расмий тилде – «Сулюктинский городской кенеш».

 Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү, № 1.

4. Шаардык кеӊеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын,  «Жергиликтүү кеӊештердин депутатарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

5. Шаардык кеӊеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык жана эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат

 

2. Шаардык кеӊештин ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери

 

1. Шаардык кеӊештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы-сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле шаардык кеӊештин регламенти менен аныкталат

2. Шаардык кеӊештин компетенциясы, шаардык кеӊештин төрагасын жана орун басарларын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, шаардык кеӊештин төрагасынын жана анын орун басарларынын укуктары жана милдеттери, шаардык кеӊештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана шаардык кеӊештин регламенти менен жөнгө салынат.

 

3. Шаардык кеӊештин чечимдери

 

1. Шаардык кеӊештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага шаардык кеӊештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары  кол коет.

2. Шаардык кеӊештин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү шаардын аймагында милдеттүү юридикалык күчкө ээ.

 3. Шаардык кеӊештин ченемдик укуктук актылары «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипе күчүнө кирет.

4. Шаардык кеӊештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин шаардык кеӊештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү  кабыл алат.

5. Шаардык кеӊештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет .

6. Шаардык кеӊештин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы  мүмкүн