ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын
2023-жылдын 04-апрелиндеги № 32
Жылалды айылындагы Осмонова Анархандын жеке менчигиндеги сауна ээлеген 0,19 га жер тилкесинин багытын турак жай үй куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылындагы Осмонова Анархандын жеке менчигиндеги сауна ээлеген 0,19 га жер тилкесинин багытын турак жай үй куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айылындагы Осмонова Анархандын жеке менчигиндеги сауна ээлеген 0,19 га жер тилкесинин багытын турак жай үй куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
| М.Акназаров |