БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
2023-жылдын 19- апрели № 65
Бешкент айыл аймагындагы шагыл карьерлерин иштетүүгө көзөмөл кылуу жөнүндө
Бешкент айыл аймагындагы шагыл карьерлерин иштетүүгө көзөмөл кылууну Бешкент жайыт комитетине өткөрүп берүү боюнча Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.А.Алимбековдун сунушун угуп жана талкуулап Бешкент айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл аймагындагы шагыл карьерлерин иштетүүгө көзөмөл кылуу Бешкент жайыт комитетине өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | О. Баховотдинов. |