ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясынын
2023-жылдын 02-мартындагы № 27
Жылалды айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Джумабаев Алтынбектин сунуш каты жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Джумабаев Алтынбектин Жылалды айыл өкмөтүндөгү жерлерди архиологиялык изилдөө үчүн 46500 (кырк алты миң беш жүз) сом, гиброземге 28322 (жыйырма сегиз миң үч жүз жыйырма эки) сом, Кара-Мия участкасындагы 100,0 га жер аянтын трансформациялоо үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом жана башка керектелүүчү акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунуш каты боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Джумабаев Алтынбектин Жылалды айыл өкмөтүндөгү жерлерди архиологиялык изилдөө үчүн 46500 (кырк алты миң беш жүз) сом, гиброземге 28322 (жыйырма сегиз миң үч жүз жыйырма эки) сом, Кара-Мия участкасындагы 100,0 га жер аянтын трансформациялоо үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом жана башка керектелүүчү акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
| М.Акназаров |