ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясынын
2023-жылдын 02-мартындагы № 26
Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен калган калдык 1581,5 миң сом, атайын каражатынан 80,8 миң сом акча каражатын 2023-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө киргизүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен калган калдык 1581,5 миң сом, атайын каражатынан 80,8 миң сом акча каражатын 2023-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө киргизүү жөнүндө ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаеванын сунушунун негизинде айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын курамынын корутундусу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен калган калдык 1581,5 миң сом, атайын каражатынан 80,8 миң сом бардыгы болуп 1662,3 миң сом акча каражатын 2023-жылдын чыгаша бөлүгүнүн төмөнкү бөлүмдөрүнө киргизүүгө макулдук берилсин.
ЖКХ статья-2215 +777,0 миң сом;
ЖКХ статья-3111 +500,0 миң сом;
Бала бакча статья-2215 +80,8 миң сом;
Башкаруу аппараты статья-2215 +304,5 миң сом.
2. Ушул токтомду аткаруу жагы ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
| М.Акназаров |