Редакцияот 26.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бешкент айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы

2023-жылдын 26- июлу №69

Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебине лицензияны сактап туруу максатында кошумча түшкөн 20514000(эки млн элүү бир миң төрт жүз) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Бешкент айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 3-июлундагы №36 сандуу сунуш каты боюнча Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Алимбеков Каныбектин Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебине лицензияны сактап туруу максатында кошумча түшкөн 20514000(эки млн элүү бир миң төрт жүз) сом акча каражатын Бешкент айыл аймагындагы жумуштарды, товарларды жана кызматтарды сатып алуу үчүн бөлүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Бешкент айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бешкент айыл аймагындагы төмөнку жумуштарды, товарларды жана кызматтарды сатып алуу максатында 2051400,00 (эки млн элуу бир миң төрт жуз) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет).

 

2. Суралган 2051400,00 ( эки млн элуу бир миң төрт жуз) сом акча каражатын тиркемеде көрсөтулгөн жумуштарга жумшалсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

О.Т.Баховотдинов

 

Бешкент айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 26.07.2023 ж кезектеги 12-сессиясынын №69 токтомуна №1-тиркеме толукталганы

 

 

№

Кандай максатка бөлүнөт

Сумма.миң.сом

1

Лейлек РЭС ке тех.условия

50

2

Кадастр ишканасы рай.бөлүмүнө

50

3

Райондук шаар куруу жана архитектура

50

4

“Гипроземдин” областык бөлүмүнө

50

5

“Ош топурак изилдөө “ станциясына

20

6

“Арка “токой чарбасына

48

7

Таштанды ташуу самасвал алуу үчүн

788,3

8

Компьютер сатып алуу

100

9

Шоро сайга жол куруу үчүн

50

10

ПСД үчүн

140

11

Сметчик кызматыны

130

12

Канц товарь алуу үчүн

50,6

13

Кулунду жалпы дарыгерлер борборунун “Бешкент”

бөлүмүнүн чатырынын кап ремонтоо

 

350

14

Кайрагач ГСБ кап ремонтоо

174,5

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгы

2051,4

Катчы

И.Баховодинов.