Редакцияот 04.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз ХII сессиясы

 

2024-жылдын 4-марты   № 12/2

Кочкор райондук өнүктүрүү фондтон үстөгү бар акча каражатын алууга

 макулдук берүү  жөнүндө

 

Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 25.12.2023-жылдагы №9/2 «Кочкор райондук өнүктүрүү фондтон үстөгү бар акча каражатын алууга  макулдук берүү  жөнүндө» токтомду жокко чыгаруу жана таштанды ташуучу атайын авто унаа алуу Кочкор райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып жаткан долбоорго өздүк салым жана кредит катары беш жылдык мөөнөт менен жергиликтүү бюджеттен төлөп турууга (жылдык пайызы 6%) макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:                                                                                                                                                   

1.              Ормон-Хан айыл аймагынын   айылдык Кеңешинин 25.12.2023-жылдагы №9/2 Кочкор райондук өнүктүрүү фондтон үстөгү бар акча каражатын алууга  макулдук берүү  жөнүндө токтом жокко чыгарылсын.

 

2. Таштанды ташуучу атайын авто унаа алууга Кочкор райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып жаткан долбоорго өздүк салым катары 450 000 (төрт жүз элүү мин) сом бөлүүгө жана кредит катары алынчу 6 000 000 (алты миллион) сом беш жылдык мөөнөт менен жергиликтүү бюджеттен төлөп турууга (жылдык пайызы 6%) макулдук берилсин.

 

3. Токтомду аткарууда  тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Сагынбек уулу