ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз ХII сессиясы
2024-жылдын 4-марты № 12/3
Көрүстөн жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө
Теңдик айылынын Кара-Ой участкасында жайгашкан, жалпы 4,7 га жер аянтына көрүстөн жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Теңдик айылынын Кара-Ой участкасындагы 378, 629, 656, 657 контурларында жайгашкан, жалпы 4,7 га жер аянтына көрүстөн жайгаштырууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |