ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз ХII сессиясы
2024-жылдын 4-марты № 12/4
Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык Кенешинин
депутаты З.Табалдиевди наамга сунуштоо жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаты Табалдиев Зарылбек 1976-жылдан 2006-жылга чейин үзгүлтүксүз 30 жыл Кочкор айылдык Кенештин төрагасынын орун басары, төрагасы, Кочкор райондук Кенешинин төрагасы болуп, эл жана депутаттар аркылуу шайланып келген. 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык комиссиянын мүчөсү катары жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзам жазууга катышып эмгектенген.
З.Табалдиевдин 2024-жылы кутман курак 70 жашка толуп жаткандыгына карата “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамына сунуштоо жөнүндө Ормон-Хан айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаты Табалдиев Зарылбек “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамына сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А. Сагынбек уулу |