ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз ХII сессиясы
2024-жылдын 4-марты № 12/5
Көк-Жар айылында жайгашкан бала бакча жөнүндө
Көк-Жар айылында жайгашкан бала бакчаны мурдагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн имаратына көчүрүү жана атын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айылында жайгашкан бала бакчаны мурдагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бош турган имаратына жагаштырууга макулдук берилсин.
2. Көк-Жар айылында жайгашкан «Мээрим-Нур» атындагы бала бакчанын аты өзгөрүп, «Сайрагул апа» бала бакчасы деп аталсын.
3. Көк-Жар айылындагы бала бакчаны жаны имаратка көчүрүүгө жана аталышын өзгөртүүгө көмөк көрсөтүү жагы Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Турсуналиевден жана айыл өкмөт башчысы Б.Акишовдон суралсын.
4. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин..
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынынтапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |