ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз ХII сессиясы
2024-жылдын 4-марты № 12/6
Ормон-Хан айыл аймагынын тургундарынын
ашыкча жер аянттары жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын жарандарынын турак жайларынынын жанында ашыкча пайдаланып жүргөн 3,5 сотыхка чейинки жер аянтарын кошумча жеке менчиктерине бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагынын жарандарынын турак жайларынынын жанында ашыкча пайдаланып жүргөн 3,5 сотыхка чейинки жер аянтарын кошумча жеке менчиктерине бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынынтапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |