Редакцияот 04.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз ХII сессиясы

 

2024-жылдын 4-марты   № 12/7

«Кочкор» миниципалдык ишканасынын муниципалдык

менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобону»

бекитүү жөнүндө

 

Ормон-Хан айыл аймагынын ««Кочкор» миниципалдык ишканасынын муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобону» бекитүү туралуу «Кочкор» муниципалдык ишканасынын директору А.Аситовдун сунушун угуп, талкуулап,  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү  мамлекеттик администрация  жана  жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу органдары  жөнүндөгү»  Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.«Кочкор» миниципалдык ишканасынын муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобо»бекитилсин.

2. «Кочкор» миниципалдык ишканасынын ишинде аталган Жобонун талаптарын аткарылышын камсыз кылуу жагы «Кочкор» миниципалдык ишканасынын жетекчилигине милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент, депутаттык этика, мандат, укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Сагынбек уулу

 

      Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 04.03.2024-жылдагы  №12/7 Токтому менен бекитилди

««Кочкор» миниципалдык ишканасынын муниципалдык

менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобо

1-бөлүм. Жалпы жоболор

1.              Ушул муниципиалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобо (мындан ары-Жобо) “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык иштелип чыккан, муниципиалдык менчикте турган мүлктөрдү эсептен чыгаруунун тартибин аныктайт. 

2.              Ушул Жобо муниципиалдык менчикте турган, ошондой эле чарбалык башкаруу же оперативдүү башкаруу укугунда муниципиалдык ишканаларга бекитилген жана муниципиалдык ишканалар тарабынан-оперативдик башкаруу укугунда же башка юридикалык жана физикалык жактарга колдонууга берилген мүлктүн бардык түрүнө таралат.    

Наркы 100 эсептик көрсөткүчтөн аз муниципалдык ишканаларга бекитилип берилген муниципиалдык мүлк ишканалардын бухгалтердик эсепке алуу эрежелерине ылайык өз алдынча эсептен чыгарылууга тийиш. 

3.              Бул Жобонун күчү пайдалуу казып алууларга, автордук укуктарга, лицензияларга, патенттерге, франшизаларга, соода маркаларына, гудвилдерге, программалык камсыздоолорго карата жайылтылбайт. 

4.              Бул Жободо мүлктү эсептен чыгаруу дегенде иш аракеттердин топтому түшүндүрүлөт, ал максаттуу багыты боюнча колдонуу жана (же) керектөө касиетин толук же жарым-жартылай жоготуунун кесепетинде мүлктү андан ары колдонууга жараксыз деп таанууга, анын ичинде физикалык жана моралдык эскирүү, кыйроо же бузулуунун кесепетинен тескөөдөн, колдонуудан чыккан, ошондой эле анын турган жерин аныктоо мүмкүн эместикке байланыштуу каралат.  

5.              Ушул Жобого ылайык кийинки мүлк эсептен чыгарууга жатат: 

1)              пайдалуу кызматынын мөөнөтү бүткөн мүлк, ошондой эле пайдалуу касиеттерин толук же жарым-жартылай жоготуунун, анын ичинде физикалык же моралдык эскирүүнүн кесепетинен андан ары максаттуу багыты боюнча пайдаланууга жараксыз мүлк;

2)              калыбына келтирүү мүмкүн эмес же экономикалык жактан колдонуу максаттуу эмес мүлк; 

3)              кыйроо же бузулуунун натыйжасында, анын ичинде менчик ээсинин эркинен тышкары, ошондой эле анын турган жерин аныктоо мүмкүн эместигинин кесепетинен ээликтен, пайдалануудан жана тескөөдөн чыгып кеткен мүлк; 

4)              кыйраган же авариялык кыймылсыз мүлк, анын ичинде бузулууга тийиш болгон бүтө элек курулуш объектилери.

6.              Муниципалдык мүлктү калыбына келтирүү мүмкүн болбогон же экономикалык жактан максатка ылайыксыз учурларда, ошондой эле ал белгиленген тартипте жеке же юридикалык жактарга сатылышы мүмкүн болбогон учурларда гана эсептен чыгарылууга тийиш.

7.              Техникалык жактан бекем жана андан ары пайдаланууга жарактуу мүлктүн наркынын 100 пайыз өлчөмүндө чегерилген амортизация, толук эскирүүнүн эсебинен, аны эсептен чыгарууга негиз боло албайт. Мындай мүлктүн иштөө мөөнөтү техникалык уюмдардын же тиешелүү билими бар адистин маалымкатынын негизинде белгиленет. Аталган мүлктүн баланстык наркы өздүк наркы боюнча белгиленет, андан аркы амортизация линиялык ыкма боюнча жүргүзүлөт8. Мыйзамда белгиленген тартипте арестке алынган же мыйзам чегинде бекитилген тартипте өндүрүп алууга коюлган мүлк, ошондой эле күрөөгө коюлган мүлктү эсептен чыгарууга болбойт.

9.              Нормативдик кызматтык мөөнөтү өтө элек, бирок инвентаризациянын жыйынтыгында саны чыкпай калган мүлктөрдү эсептен чыгаруу, жарактан чыккан абалга келтирген жактын эсебинен берилген мүлктүн базар баасындагы көлөмдө төлөмдү жүргүзгөндөн кийин (форс-мажордук кырдаалдарды эсепке албаганда) ишке ашат. Мындан тышкары, мүлктү эсептен чыгарып салуу аны калыбына келтирүү мүмкүн эмес болгон учурда же экономикалык жактан ылайыксыз учурларда гана эсептен чыгарылууга тийиш. 

10.           Эсептен чыгаруу жол-жобосу менен байланышкан бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.