Редакцияот 07.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы

 

2024-жылдын 7-марты   № 13/3

 

    Б.Иманалиевдин бюстун орнотуу жөнүндө

Белгилүү коомдук ишмер, меценат Б.Иманалиевдин бюстун Кочкор айылына орнотууну сураган туугандарынын арызы туралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.Бейшенбек Иманалиевдин бюстун Кочкор айылында жайгашкан Чолпон кинотеатрына тиешелүү жер аянтына орнотууга макулдук берилсин.

2. Токтомду аткарууда  тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Сагынбек уулу