Редакцияот 22.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 8-чакырылыш 14 - сессиясы

 

2024-жылдын 22-февралы № 14.1

Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга бюджетини бекитүү жана 2025-2026-жылдарга бюджетинин долбоорун жактыруу жөнүндө.

Майдан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы “Бюджеттик Кодексинин” негизинде түзүлүп, бюджет жана экономика комитетинде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Токтосунов Каныбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Майдан айылдык Кеңеши

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү атайын каражатсыз 66299,7 миң сом өлчөмүндө № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
  2. Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин чыгашалар бөлүгү атайын каражатсыз 66299,7 миң сом өлчөмүндө № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
  1. Айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдар үчүн негизги параметрлерин болжолу 2025-жылга кирешелер жана чыгашалары 69008,8 миң сом өлчөмүндө №4 тиремеге ылайык 2026-жылга киреше жана чыгашалары 72533,8 миң сом өлчөмүндө № 5-тиркемеге ылайык жактырылсын;
  2. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондко чегерүүлөр)жүргүзүлсүн;
  3. Чыгашалар корголгон беренелерине каралган каражаттар штат бирдиктери жана нормативдик документтер өзгөртүлгөндө азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн;
  4. Бюджеттик жана атайын каражаттарды казыналыкты айланып өтүү менен иштөөгө тыюу салынсын.
  5. Айыл өкмөттүн 2024-жылга бюджети 1-январь 2024-жылдан баштап ишке киргизилсин;
  6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Насиров