Редакцияот 13.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 8-чакырылыш 15 - сессиясы

 

2024-жылдын 13-февралы № 15.3/1

 

 Майдан айыл Өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Майдан кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасына “Айыл банк” Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынан лизинг алуу шарттары менен жергиликтүү бюджетинен лизинге AIIianz FY350 Буровой станок алуу жөнүндө

Майдан айыл Өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Майдан кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасына “Айыл банк” Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынан лизинг алуу шарттары менен жергиликтүү бюджеттик эсебинен, Кырыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексине” ылайык мыйзам чегинде лизинге AIIianz FY350 Буровой станок алуу максатындаМайдан айылдык Кеңеши

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Майдан айыл Өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Майдан кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасына “Айыл банк” Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынан лизинг алуу шарттары менен 5 (беш) жылдык мөөнөткө мыйзам чегинде лизинге AIIianz FY350 Буровой станок алууга макулдук берилсин;

2.Баштапкы төлөмүнүн төлөө үчүн 30% Кадамжай өнүктүүрү фонду тарабынан каржылангандыгына байланыштуу калган төлөмдөрү лизинг аркылуу Майдан айыл өкмөтүнүн 2024-жылы бекитилген бюджетинен которулуп берилсин жана беш жылдык төлөмдү төлө жагы Майдан айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;

3.Майдан айыл Өкмөтүнүн эконмика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи К.Токтосуновго лизинге AIIianz FY350 Буровой станок алуу үчүн керектелүүчү акча каражаттарын мыйзам чегинде бөлүштүрүлүп берүү жагы милдеттендирилсин;

4.Ушул токтомдун аткарылышы Майдан айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.  

 

Төрага

А.Насиров