Редакцияот 13.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 8-чакырылыш 15 - сессиясы

 

2024-жылдын 13-февралы № 15.5/1

2024-2026-жылдарга Майдан айыл аймагына Социалдык экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2017-жылдык 21-июльда кабыл алган №123-8/261 буйругу менен “Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы” жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруудагы “Майдан айыл аймагынын 2024-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын” бекитүү  максатындаМайдан айылдык Кеңеши   

 

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Майдан айыл аймагынын 2024-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин;

2.     2024-2026-жылдарга Майдан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасында кабыл алынган иш чараларын планы жактырылсын;

3.     Майдан айыл аймагынын 2024-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасында кабыл алынган иш чараларды айылдык Кеңештин алдында тармактар боюнча туруктуу комиссиялар аркылуу көзөмөлдөө жана аткарылган иштер айылдык кеңештин сессияларында кароо жагы милдеттендирилсин;

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөткө жүктөлсүрн.

Төрага

А.Насиров