МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 8-чакырылыш 15 - сессиясы
2024-жылдын 13-февралы № 15.5/3
Кара-Дөбө айылынын тургуну Кошбакова Айзаданын кайрылуусу жөнүндө.
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө айылынын тургуну Кошбакова Айзаданын кайрылуусун карап чыгып Майдан айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кошбакова Айзаданын кайрылуусу канааттандырылсын. Мыйзамдуулук жагы каралсын;
2. Минкультура жана башка службалардан корутунду алынып тарыхый мурастын орду так аныкталып мыйзам чегинде коргоого алынсын;
3. Корутундуну алуу жагы жана көрктөндүрүүнүн уруксат ченемдери аныкталып кайрылууну канааттандырылуусу өкмөткө жүктөлсүн;
4. Токтом Майдан айылдык Кеңешинин расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик ресстрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер комиссиясына калтырылсын.
Төрага | А.Насиров |