Редакцияот 13.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 8-чакырылыш 15 - сессиясы

 

2024-жылдын 13-февралы № 15.5/7

Кара-Дөбө айылынын тургундарынын  кайрылуусу жөнүндө.

Майдан айыл өкмөтүнө караштуу  Кара-Дөбө айылынын тургундарынын кайрылуусун карап талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык Майдан айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрү фондунан суулу айдоо жерден мектеп, балдар бакчасына жана башка соцобьектерди куруу максатында Майдан айылдык Кеңеши

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Майдан айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрү фондунан суулу, айдоо жерден мектеп, балдар бакчасына жана башка соцобьектерди курууга 2,5 га жер аянтына трансформация кылууга макулдук берилсин;

2.    Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөттүн жер адистерине жүктөлсүн.

3.    Токтом Майдан айылдык Кеңешинин расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик ресстрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер комиссиясына  калтырылсын.

Төрага

А.Насиров