Редакцияот 07.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин II - сессиясы

 

2024-жылдын 07-марты № 2/4/1

Айрыбаз айыл аймагынын Майдан айыл аймагына бирикктирүү жөнүндө.

       “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президенттинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону жетекчиликке алып. Айрыбаз айыл аймагыны Майдан айыл айыл аймагына бириктирүү максатында Майдан айылдык Кеңеши

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     “Айрыбаз” айыл өкмөтү мекемеси жана “Майдан” айыл өкмөтүнүн мекемеси бириктирүү жолу менен “Майдан айыл аймагынын айыл өкмөтү” болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

2.     Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Майдан” айыл өкмөтүнүн мекемесинин башчысы Б.Ахмедовго жүктөсүн.

3.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө өзүмө калтырам.

Төрага

А.Насиров