МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IX- чакырылышынын кезексиз XXⅤ сессиясы
2024-жыл 9- апрели №25-9-5
“Майлуу-Суу шаарынын жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгерине 50000 (элүү миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 26.03.2024-ж чыг.№ 01-14-189 сандуу кайрылуу катын, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ІX чакырылышынын кезексиз XXV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын өкүлүнүн маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын жалпы дарыгерлер практикалык борборунун акушер-гинеколог дарыгерине бир жолку материалдык колдоо көрсөтүү үчүн 50000 (элүү миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга жана шаардык каржы башкармалыгына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
Н.Бостонов |