ТОРУ–АЙГЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр айыл кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясы
2023-жылдын 10-февралындагы № 6
Тору-Айгыр айыл аймагынын 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бɵлүмүнүн 2-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” VIII бөлүмүнүн 78-беренесине ылайык, Тору- Айгыр айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоорун карап, талкуулагандан кийин Эл депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча
17 237 200 сом өлчөмүндө, анын ичинен теңдештирүүчү гранттар 4 374 000 сом өлчөмүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин. Атайын каражаттар 910 000 сом.
2. 2024-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча
15 625 200 сом өлчөмүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
3. 2025-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча
16 789 800 сом өлчөмүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
4. Жыл ичиндеги акча каражатын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтомдун аткарылышы Тору-Айгыр айыл өкмөтүнүн башчысы Керимбаев Уланбек Керимбаевичке жана экономика бөлүмүнүн башчысы Каткелдиева Шайым Рысбековнага милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “Бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тɵрайым |
| Э.Д. Эмилбекова |