БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бостери айылдык кеңешинин депутаттарынын XXIX чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2023-жылдын 25-апрелиндеги № 03
Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 189 буйругунун негизинде “Бостери айыл аймагында муниципалдык менчиктеги объекттерди кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” иштелип чыккан типтүү жобону бекитип берүү тууралуу Бостери айыл өкмөтүнүн 03.04.2023-ж №01-31а/429 кайрылуу катын карап, талкуулап чыгып,
Бостери айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү жобо бекитилсин. (Тиркеме 1)
2. Бостери айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү жобого ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевге тапшырылсын.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тɵраганын орун басары |
| М.Байтокова |