МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IX- чакырылышынын кезексиз XXⅤ сессиясы
2024-жыл 9- апрели №25-9-8
“Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясына 214 000 (эки жүз он төрт миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Майлуу-Суу шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 02.04.2024-ж чыг.№ 01-05/221 сандуу кайрылуу катын, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ІX чакырылышынын кезексиз XXV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын өкүлүнүн маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясына жергиликтүү бюджеттен 214 000 (эки жүз он төрт миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин анын ичинен :
- 184 000 (жүз сексен төрт миң) сом Майлуу-Суу шаарынын административтик аймагына кошулган 140 га жер тилкеге тиешелүү иш кагаздарын алып баруу үчүн;
- 30 000 (отуз миң) сом точка координаттарын тактоого.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга жана шаардык каржы башкармалыгына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: |
Н.Бостонов |