АЙРЫБАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Айрыбаз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыш кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 149
Айрыбаз айылындагы жеке менчик мал базар Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 18.06.2015-жыл № 377 токтомундагы талаптарга жооп бербегендиктен тийиштүү мекемелердин ветеринардык-санитардык норма талаптарга жооп бере турган абалга келтирүү жөнүндөгу талап каттарын жана Марказ айыл өкмотунүн 2020-жылдын 24- августундагы № 32 токтомунун негизинде, Достук айылына жаёыдан салына турган муниципалдык менчиктеги мал базарды куруу үчүн ижарага берүү боюнча айыл өкмотүнүн башчысынын суранычын кароо жонундө.
Айыл окмөтүнүн башчысынын жаңыдан курула турган муниципалдык менчиктеги мал базарды ижарага берүү боюнча суранычын кеңеш карап чыгып төмөнкудөй
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.Муниципалдык менчиктеги мал базар 1 жылдык мөөнөткө ижарага берилишине маакулдук берилсин.
2.Ижарачыга курулуш иштерин долбоордо (ПСД) көрсөтүлгөндөй жүргүзүү жана курулушту баштоодо тийштүү мамилекеттик мекемелерге каттатуу жагы милдеттендирилсин.
3.Ижарачы 1 жылдын ичинде өз эсебинен инвестиция жасабаса жана курулушту долбоордогудай жүргүзбосө келишим айыл өкмөту тарабынан бир тараптуу токтотулсун.
4.Ижарачы курулушту өз мөөнөтүндө жана талаптагыдай аткарса ижара келишиминин мөөнөтүн узартуу жагы каралсын.
5.Ушул токтомдун аткаралышын камсыз кылуу айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Ахмедовко тапшырылсын.
6.Токтомдун аткарылышын къзъмълдъъ жагы, айылдык Кеңештин төрайымынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрайым: | А. Салиева |