БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бостери айылдык кеңешинин депутаттарынын XXIX чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2023-жылдын 25-апрелиндеги № 06
Бостери айыл аймагына караштуу таштанды төгүлүүчү жайдын таштандыларын ижарага берүүгө макулдук берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 20.10.2021-ж. № 123 Мыйзамынын 34-беренесине жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 24.12.2015-ж № 189 токтомуна ылайык, Бостери айыл өкмөтүнүн 17.04.2023-ж № 01-31а/52 катынынын жана айылдык кенешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын бүтүмүнүн негизинде Бостери айылдык кенеши
Токтом кылат:
1. Бостери айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мөөнөтсүз пайдаланууга берилген 4,0 га жер тилкесиндеги таштанды төгүлүүчү жайдын таштандыларды иргеп алуу максатында таштандыларды «Бостери Демилгеси» коомдук бирикмесине убактылуу 10 жылдык пайызсыз мөөнөткө ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Бостери айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мөөнөтсүз пайдаланууга берилген 4,0 га жер тилкесиндеги таштанды төгүлүүчү жайдын таштандыларын «Бостери Демилгеси» коомдук бирикмесине 10 жылдык пайызсыз мөөнөткө ижарага берүү келишимин түзүү жагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевге тапшырылсын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тɵраганын орун басары |
| М.Байтокова |