БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2023-жылдын 28- сентябры №73
“Кыргыз Республикасынын административдик- аймактык түзүлушүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Президентинин №350 жарлыгын ишке ашыруу максатында Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Бешкент айыл аймагын жана Кен-Талаа айыл аймагын бириктируу маселеси жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Президентинин №350 жарлыгын ишке ашыруу максатында Бешкент айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Лейлек районунун Бешкент айыл аймагын жана Кен-Талаа айыл аймагын бириктируу маселеси колдоого алынсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү ,жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланышы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | О.Т.Баховотдинов. |