МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IX- чакырылышынын кезексиз XXⅤ сессиясы
2024-жыл 9- апрели №25-9-10
“Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү жобосун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 05.02.2024-ж чыг.№ 01-05/63 сандуу кайрылуусун, шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чѳйрѳнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин IX чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын өкүлүнүн маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
- Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү жобо 1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырылсын.
- Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чѳйрѳнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: |
Н.Бостонов |