Редакцияот 11.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы

 

2024-жылдын 11-апрели  № 36/142

 

Кызыл-Кыя шаарынын башкы планын даярдоо жана шаардын архитектуралык жактан жалпы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер жана курулуштарга экотехникалык экспертиза жүргүзүү жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесине негиз, маселе шаардык кенештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын  19-мартындагы №48 протоколу менен каралгандыгын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.     Кызыл-Кыя шаарынын башкы планын даярдоо жана шаардын архитектуралык жактан жалпы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер жана курулуштарга экотехникалык экспертиза жүргүзүү жөнүндө Кызыл–Кыя шаарынын башкы архитектору Б.Максытали уулунун маалыматы эске алынсын.

2.     Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковго милдеттендирилсин:

-       шаардынбашкы планын даярдоо боюнча келишим түзүлгөн Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту менен активдүү иштерди жүргүзүү;

-       башкы планды даярдоо үчүн бөлүнгөн акчаларды максаттуу пайдалануу жана өз убагында которулуусун көзөмөлдөө;

-       башкы пландын даярдалышын контролдоо жана аны аягына чыгаруу үчүн кечиктирилгис аракеттерди жасоо;

3.     Кызыл–Кыя шаарынын шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын  башчысы, шаардын башкы архитектору Б.Максытали уулуна милдеттендирилсин:

-       шаардын башкы планын сапаттуу даярдалышын камсыз кылуу максатында, иштеп чыгылып жаткан долбоорго шаардын бүгүнкү күндөгү жана келечекте өсүүсүн эске алуу менен тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду шаардык кеңештин макулдугу менен киргизүү;

-       шаардын архитектуралык жактан жалпы көрүнүшүн жакшыртуу максатында   шаардагы мыйзамсыз курулуштарды жана кызыл линияга чыгып кеткен объектерди аныктоо, курулушу бүтпөгөн, ташталган жана кароосуз калган имараттарды, жерлерди инвентаризациялоо иштерин жүргүзүү.

4.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар  маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                  Ж. Калматов