Редакцияот 25.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Майлуу-Суу шаардык кеңештин IX чакырылышынын кезексиз

XXV сессиясынын № 25-9-1 токтомуна 1 тиркеме

Төрага________Н.Бостонов

 

 

Майлуу-Суу шаардык кеңештин убактылуу типтүү жобосу

 

1. Жалпы жоболор

 

1.   Майлуу-Суу шаардык кеңеш мекемеси ушул Убактылуу типтүү жобосу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда шаардык кеңешти юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана шаардык кеңештин ишин жөнгө салат.

2.   Шаардык кеңеш – өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык

реформа      мезгилинде жергиликтүү кеңештин депутаттарынан

турган (бириктирген), жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы.

3.   Шаардык кеңеш юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.

Шаардык кеңештин фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде – “ Майлуу-Суу шаардык кеңеши” мекемеси;

- расмий тилде  учреждение «Майлуу-Сууйский городской кенеш».

Кыскартылган фирмалык аталышы:

-        Мамлекеттик тилде « Майлуу-Суу шаардык кенеши» мекемеси М-и;

-        Расмий тилде У-е учреждение « Майлуу-Сууйский городской кенеш»

-         

Юридикалык          дареги:        Кыргыз         Республикасы, Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу шаары, Ленина көчөсү № 135-а.

4.   Шаардык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

5.   Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык жана эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.

 

2. Шаардык кеңештин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери

1.   Шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы - сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле шаардык кеңештин регламенти менен аныкталат.

2.   Шаардык кеңештин компетенциясы, шаардык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, шаардык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын укуктары жана милдеттери, шаардык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана шаардык кеңештин регламенти менен жөнгө салынат.

Пилоттук режимде административдик-аймактык реформаларды жүргүзүү мезгилинде шаардык кеңештин кошумча компетенциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу жободо аныкталган.

 

3. Шаардык кеңештин чечимдери

 

1.     Шаардык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага шаардык кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кол коёт.

2.     Шаардык кеңештердин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары - буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү шаардын аймагында милдеттүү юридикалык күчкө ээ.

Шаардык кеңештердин ченемдик укуктук актылары “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.

Шаардык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

3.     Шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин шаардык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.

Шаардык кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

4.     Шаардык кеңештердин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.

 

4. Шаардык кеңешке келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

 

1. Шаардык кеңештин мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар шаардык кеңештин алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.

2. Шаардык кеңештин мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.

 

5. Корутунду жоболор

1. Шаардык кеңештин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ишке ашырылат.

2. Шаардык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтердин сакталышы үчүн жоопкерчилик шаардык мэриясынын башчысына жүктөлөт. Шаардык кеңештин документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамга ылайык сакталат.

 

.

 

Шаардык кеңештин төрагасы:

Н.Бостонов