Редакцияот 17.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз ХХIII сессиясы

 

2024-жыл 17- февраль №2

 

“Айыл өкмөт аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашыруу жөнүндө”

 

          Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз ХXIII сессиясында Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын, Шайдан айыл өкмөтүндөгү бала бакчалардын жетекчилери жазган кайрылуунун жана ата-энелер чогулуштарынын протоколдорунун негизинде, угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1.     Шайдан айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 2024-жылдын январь айынан Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесине ылайык тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.

 

2.     Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамак-ашына ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөрү) үчүн күнүнө 60 (алтымыш ) сом акчалай норма белгиленсин.

 

3.     Айыл өкмөт аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында дайыма балдар менен иштеген кызматкерлердин түшкү тамагы үчүн күнүнө 40 (кырк) сом акчалай нормасы белгиленсин.

 

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы К.Еркуловко милдеттендирилсин.

 

 

Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы:

 

А.Тешебаев