Редакцияот 17.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз ХХIII сессиясы

 

2024-жыл 17- февраль №2

 

“Мүлк салыгын киргизүү жөнүндө”

 

Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын, салык бөлүмүнүн башчысы Б.Сатиеванын “Кыргыз Республикасынын салык кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн “мүлк салыгын киргизүү 2023-жылдын 01-январынан тартып жергиликтүү кеңештер тарабынан жүзөгө ашырылат” деген пункту боюнча берген маалымат угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып, Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз ХХIII сессиясы токтом кылат:

1.     2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктунун негизинде, 2024-жылдын 01-январынан тартып Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагында “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин” XIII бөлүмүндө көрсөтүлгөн мүлк салыгы зоналдык коэфицент I ченем менен киргизилсин.

2.     Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловго милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы:

 

А.Тешебаев