ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышы
2023-жылдын 22-февралындагы № 12
Айылдык кеңештин 2022-жылдын 10-июнундагы №41 “Теплоключенка айыл аймагынын кварталдык жана үй комитеттери жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 6-главасына ылайык айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Теплоключенка айыл аймагынын квартал жана үй комитеттери жөнүндө Жобосу өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин, тиркелет.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Р.К.Садыровага жүктөлсүн.
Төрага |
| А.И. Алмабеков |
|
| Теплоключенка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 12 токтому менен бекитилди |
Теплоключенка айыл аймагынын квартал жана үй комитеттери жөнүндө Жобо
1. Жалпы жоболор
2. Комитеттерди шайлоону уюштуруу жана өткөрүү
3. Комитеттердин функциялары жана ыйгарым укуктары
4. Комитеттердин жана алардын төрагаларын мөөнөтүнөн мурда шайлоо
5. Жыйынтыктоочу бөлүк
1. Жалпы жоболор
Бул жобо Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына 6-главасына ылайык аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун уюму катары квартал жана үй комитеттер түшүнүлөт.
1.1. Кварталдык комитеттер турак-жай комплекстеринде, конуштарда жана жеке курулуш райондорунда, ал эми үй комитеттери - бир нече же көп батирлүү үйлөрдө түзүлөт.
1.2 Квартал жана үй комитеттердин аймагынын чектери тургундардын сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет.
1.3. Квартал жана үй комитеттер жергиликтүү кеңеште аларды эсепке алып каттоо учурунан тартып өзүнүн статусуна ээ болот.
1.4. Квартал жана үй комитеттер өз ишинде өздөрүн шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттаган жергиликтүү кеңешине отчет берет.
1.5. Квартал жана үй комитеттер функцияларды аткарууга жана айыл өкмөтү тарабынан ага берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу.
1.6. Кварталдык жана үй комитеттерге алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө күбөлүк берилет.
2. Квартал жана үй комитеттерди шайлоону уюштуруу жана өткөрүү
2.1. Комитеттерди шайлоо бул кварталдын же көп кабаттуу үйдүн (үйлөрдүн) аймагынын чектеринде жашаган жана катталган жарандардын жалпы жыйналыштарында өткөрүлөт.
2.2. Жалпы жыйналышты квартал жана үй комитеттери ошол кварталдын же көп батирлүү үйлөрдүн тургундары менен биргелешип уюштурушат жана өткөрүшөт. Жыйналыштын өтүүчү жери жана убактысы айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары менен биргеликте макулдашылат.
2.3. Жалпы жыйналыштын ишине төмөнкүлөр катыша алат:
а) тийиштүү аймакта катталган 18 жашка толгон, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү;
б) айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү добуш берүү укугу менен;
2.4. Комитеттердин мүчөлөрүн шайлоо жашоочулар тарабынан көчөлөрдүн, кварталдардын үйлөрдүн жалпы чогулуштарында тийиштүү документтерди жол-жоболоштуруу менен өткөрүлөт.
2.5. Кварталдардын, көчөлөрдүн жана көп батирлүү үйлөрдүн жалпы жыйналышы төмөнкүдөй кворумдан кийин укуктуу болуп саналат:
а) кварталдык комитеттердин мүчөлөрүн шайлоодо - үйлөрдүн жалпы санынын 35%дан кем эмес;
б) үй комитеттердин мүчөлөрүн шайлоодо - квартиралардын жалпы санынын 35%дан кем эмес.
Жыйынга катышкан тургундардын жалпы санынын 50%дан ашык добушун алган талапкерлер шайланды деп эсептелет.
Кварталдык жана үй комитеттердин мүчөлөрү 4 жылдык мөөнөткө шайланат.
2.6.Комитеттин иш жөндөмдүүлүгүн камсыздоо үчүн Комитеттин курамы 3 мүчөсүнөн кем эмеси шайланышат. Саны жалпы чогулуш тарабынан бекитилет жана үй жана квартиралардын санына жараша Комитеттин сандык курамы так сан болуусу керек.
2.7. Кварталдык жана үй комитетинин төрагасы 18 жаштан өткөн, тишелүү кварталда жана үйдө туруктуу катталган жана жашаган, ортодон кем эмес билими бар, соттолбогон же соттолгондугу белгиленген мыйзам тартибинде алынган жана жоюлган Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.
2.8. Шайланган Комитет жыйналыштан кийин сөзсүз түрдө комитеттин төрагасын жана анын орун басарын шайлай турган уюштуруу кеңешмесин өткөрөт.
Ачык добуш берүүдө добуштардын көпчүлүк добушун алган талапкерлер шайланды деп эсептелет. Комитеттин төрагасын шайлоо боюнча жыйынга айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү добуш берүү укугу менен катыша алышат.
2.9. Жаңы кварталдык жана үй комитеттерди түзүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйналышы бул жобонун 2.2-пунктуна ылайык чакырылат.
2.10. Жаңы кварталдарды, үй комитеттерди түзүү боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйналышын даярдоо жана өткөрүү, ошондой эле шайлануучу жактарды шайлоо ачык-айкын өткөрүлөт.
3. Комитеттердин функциялары жана ыйгарым укуктары.
3.1. Комитет төмөнкүлөргө укуктуу:
- ушул аймактын маселелерин талкуулоо учурунда жергиликтүү кеңештин ишине катышууга;
- аймакты көрктөндүрүү, оңдоо, санитардык тазалоо боюнча ишке катышууга;
- жергиликтүү кеңештин, айыл өкмөтүнүн чечимдерин аткарууга көмөк көрсөтүүгө;
- жарандардын курултайларынын, чогулуштарынын чечимдеринин аткарылышын уюштурууга;
- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда бул аймакта жашаган жарандардын коомдук кызыкчылыгын, өз укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыгын билдирүүгө жана коргоого;
- тийиштүү аймакты өнүктүрүү пландарын жана программаларын иштеп чыгууга катышууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын кароосуна сунуштарды киргизүү;
- социалдык чөйрөдөгү объекттерди кабыл алууга катышууга;
- менчигинин түрүнө карабастан тургундар жана чарба субъектилери менен катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө жана келишимдин негизинде таштандыны чыгаруунун акысын чогултууга муниципалдык ишканага активдүү көмөк көрсөтүүгө;
- айыл чарба жаныбарларын жана үй канаттууларды эсепке алууга, тактап айтканда, жыл сайын өтүлүүчү мал санакты жүргүзүүгө;
-кварталдын тургундарынын үй чарба мүчөлөрүн, мал-мүлктөрүн жана жарандык абалдарын каттоо боюнча чарба китебин жүргүзүүгө;
- курулуш эрежелерин сактоого, турак жай жайларын пайдаланууга, турак үйлөрдү жана үй алдындагы аймактарды күтүүгө, өрт коопсуздугун жана санитардык нормаларын сактоого, жер, сууну жана башка жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, маданият жана тарых эстеликтерин коргоого коомдук көзөмөл жүргүзүүгө, табылган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды тийиштүү органдарга киргизүүгө;
- бекитилген аймакта санитардык, эпидемиологиялык, экологиялык өрткө каршы контролду жана коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруу боюнча тийиштүү мекемелерге көмөк көрсөтүүгө;
- коомдук тартипти күтүүдө укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө;
- коомдук жашоонун ар кандай маселелери боюнча демилге көтөрүп чыгууга, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актылары жана чечимдери жөнүндө калкты маалымдоого жана алардын аткарылышын уюштурууга;
- өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көмөктөшүүгө; .
3.2. Комитеттин төрагасы:
а) комитеттин ишин уюштурат;
б) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарда, мекемелерде жана коомдук уюмдарда Комитеттин атынан чыгат;
в) айыл аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана өзүнүн чечимдеринин тургундар тарабынан аткарылышын уюштурат;
г) бул жободо каралган укуктарды жана ага берилген функцияларды аткаруу боюнча айыл өкмөтү менен келишим түзөт.
3.3. Айылдык кеңеш жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө функцияларды аткаргандыгы үчүн кварталдык башчыларга сый акынын өлчөмүн белгилөөгө укуктуу.
4. Комитеттердин жана алардын төрагаларын мөөнөтүнөн мурда шайлоо
4.1. Комитеттер төмөнкү учурда мөөнөтүнөн мурда шайланат:
а) комитеттин курамынын жарымынан көп мүчөлөрү кеткен учурда;
б) айылдык кеңештин туруктуу комиссиянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдук уюмдарынын сунушу боюнча же аймактын жашоочуларынын жалпы санынын 35%тен кем эмесин түзгөн жашоочулардын демилгелүү тобунун сунушу боюнча;
4. 2. Комитеттердин төрагалары төмөнкү учурларда кайрадан шайлануусу мүмкүн:
а) өзүнүн милдеттерин тийиштүү аткара албаганда;
б) айыл кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссия тарабынан, берилген аймактагы тургундардын жалпы санынын 35%дан кем эмес аны шайлаган жашоочулар жана Комитет тарабынан ишеним көрсөтпөгөн учурда;
в) өзүнүн арызы же ден-соолугунун абалы боюнча;
4.3. Комитеттин төрагасын кайра шайлоодо төрага иштеп жаткан комитеттин курамынан шайланат.
5. Жыйынтыктоочу бөлүк
5.1. Жарандардын жалпы чогулушунун (жыйынын), комитеттин уюштуруу жыйынынын протоколдорунун көчүрмөлөрү айылдык кеңешке каттоого берилет.
5.2. Бул Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөр айыл кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде киргизилет жана айылдык кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет.