ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз ХХIII сессиясы
2024-жыл 17- февраль №8
“Алма айылынын Мектеп көчөсүнүн тургуну Доолотбаева Назгулдун 16.02.2024-жылдагы арызын кароо жөнүндө.”
Алма айылынын Мектеп көчөсүнүн тургуну Доолотбаева Назгулдун 16.02.2024-жылдагы арызын карап Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз ХХIII сессиясында талкуулап токтом кылат:
1. Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, каржы муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын протоколу эске алынсын.
2.Алма айылынын Мектеп көчөсүнүн тургуну Доолотбаева Назгулдун 16.02.2024-жылдагы арызынын негизинде кайнисиндиси Сайпидинова Упол I группадагы инвалид “Апласти́ческая анеми́я” оорусу менен ооругандыгына байланыштуу Шайдан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 10000 (он миң) сом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча каражатын ажыратып берүү жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, каржы муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Чолпоновго милдеттендирилсин.
.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Тешебаев |