ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышы
2023-жылдын 22-февралындагы № 13
Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы №35 токтому менен бекитилген Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобонун 3-пунктуна ылайык айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Теплоключенка айыл өкмөтүндө укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиянын курамы 9 (тогуз) адамдан түзүлүп, төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:
- Садырова Р.К.- айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрайымы;
- Сыртбаева Н.С.- башкы адис-юрист, комиссиянын катчысы;
Мүчөлөрү :
- Сакиев А.Г.- жер маселел боюнча башкы адис;
- Жангабылов А.Ж.- жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жетектөөчү адис;
- Канатбеков Н.К.- “Ак-Суу коммуналдык чарба” муниципалдык ишкананын жетекчиси;
- Жапаров Э.З.- “Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси:
- райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгын өкүлү;
- Асанов Э.Ө.- айылдык кеңештин депутаты;
- Молдараков К.О.- айылдык кеңештин депутаты;
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| А.И. Алмабеков |