ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз ХХIII сессиясы
2024-жыл 17- февраль №10
“Шайдан айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын Акматалиев Толкундун дүкөнүнөн тартып Шамшидин Сүйөркулов көчөсүнө чейин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери маркум Исаков Мажиттин ысымын ыйгаруу боюнча айылдык кеңештин 10.08.2021-жылдагы №11 чечими жөнүндө”
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңештин 10.08.2021-жылдагы №11 чечимин талкуулап токтом кылат:
1. Шайдан айылдык кеңешинин 10.08.2021-жылдагы №11 чечими эске алынсын.
2. Жаңы-Арык айылынын Акматалиев Толкундун дүкөнүнөн тартып Шамшидин Сүйөркулов көчөсүнө чейин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери маркум Исаков Мажиттин ысымы ыйгарылсын.
3. Жаңы-Арык айылынын Акматалиев Толкундун дүкөнүнөн тартып Шамшидин Сүйөркулов көчөсүнө чейин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери маркум Исаков Мажиттин ысымы ыйгарылган көчөнү базалык каттоого киргизүү жагы Ноокен райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгынан жана Ноокен райондук статистика бөлүмүнөн суралсын.
4. Жаңы-Арык айылынын Акматалиев Толкундун дүкөнүнөн тартып Шамшидин Сүйөркулов көчөсүнө чейин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери маркум Исаков Мажиттин ысымы ыйгарылган көчөгө көчөнүн аты жазылган щит, табличкаларды илип, тийиштүү органдарга каттатуу жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловго жана маркум Исаков Мажиттин уулу Исаков Байзакка милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (Н.Маматов)
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Тешебаев |