ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз ХХIII сессиясы
2024-жыл 17- февраль №11
“Алма айылынын тургуну Ж.Жусубалиевдин 16.02.2024-жылдагы арызын кароо жөнүндө”
Алма айылынын тургуну Ж.Жусубалиевдин 16.02.2024-жылдагы арызын жана Шайдан айылдык Кенешинин агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз ХХIII сессиясында токтом кылат:
1) Алма айылынын тургуну Ж.Жусубалиевдин 16.02.2024-жылдагы арызы жана Шайдан айылдык Кенешинин агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын протоколу эске алынсын.
2) Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айылынын тургуну Ж.Жусубалиевке жогорку МТФ участкасынан трансформациядан өткөн муниципалдык жер аянтынан 0,08 га жер тилкеси турак жай куруу үчүн ажыратылып берилсин.
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер тилкесин ажыратып берүү жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловго милдеттендирилсин.
4) Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык Кенешинин агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (А.Мыктаров)
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Тешебаев |